Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 19 жаштагы кыз асынып алды

Ысык-Көл облусунда кыз өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

26-октябрда Тоң районунун ички иштер бөлүмүнө 1982-жылы туулган Т.К., кайрылып, ошол эле күнү 19 жаштагы кызы Эшперов айылындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбегендигин билдирген.

Милиция дароо издөөгө киришкен.

27-октябрда саат 07:00дө милицияга Тоң айылындагы «Эклап» пляжында бир кыз асынып алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул изделип жаткан кыз экени аныкталган. Сөөктөн зордук-зомбулуктун изи табылган эмес.

Сөөк өлүкканага өткөрүлүп, тиешелүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Exit mobile version