Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 200 баш саан уй тапшырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бодо мал аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө «Кумтөр Голд» компаниясы тарабынан берилди.
Иш-чарага эмгек министри Гүлнара Баатырова катышып, «Социалдык келишим» долбоорунун негизинде, быйыл да 20 миң үй-бүлөгө берилерин айтты. Ошондой эле бул долбоордун алкагында 23 миңден ашык жумуш орун түзүлөрү пландалып жаткандыгын, анын ичинен 1100дөн ашууну Ысык-Көл облусуна туура келерин айтты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз