Ысык-Көлдө 250 кой чагылган тийип өлдү (сүрөт)

Ысык-Көлдө чагылган тийип 250 кой өлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. Окуя 7-июлда Тоң районундагы Жазы-Кечүү жайлоосунда болгон. Учурда чыгымды эсептөө үчүн ӨКМдин кызматкерлери жана жарандык коргонуу комиссиясы иштеп жатат.