Ысык-Көлдө 4 жаштагы кыз сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Тору-Айгыр менен Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган Н.А. аттуу кичине кыз көлгө чөгүп кеткен.
Жерине 10 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 15 киши тартылган.
Кеч киргендигине байланыштуу убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок. 19-июль күнү улантылат.