Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 5 автомектепке 85 миң айып пул салынды

Ысык-Көлдө автомектептерде айдоочуларды окутуунун сапаты текшерилүүдө . Бул тууралуу облустагы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык облуста 21 автомектеп бар. Алардын ичинен 14ү жоопкерчилиги чектелген коом болсо, калган 7си лицей жана окуу жайларга карайт. Текшерүү учурунда 5 автомектепке 26 көрсөтмө берилип, «Лицензия талаптарын бузуу» боюнча 85 миң сом айып пул салынган.

Эскерте кетсек, автомектептерге лицензиялар мөөнөтү чектелбей берилет. Бирок лицензияда көрсөтүлгөн талаптар аткарылбаса (үч айдын ичинде аныкталган кемчиликтер жоюлбаса), лицензия кайра тартып алынышы мүмкүн.

«Лицензияны жокко чыгарууга атайын педалдар менен жабдылган унаанын жоктугу себеп да болушу мүмкүн. Ошондой эле автомектепте атайын плакаттар, биринчи медициналык жардам көрсөтүү үчүн керебет, жетиштүү педагогикалык кадрлар жана сабактар үчүн керектүү аянтчалар болушу керек», — деп айтылат маалыматта.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version