Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө 6-класстын окуучусу өз өмүрүн кыйды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектеп-гимназиянын 6-классынын окуучусу өз өмүрүн кыйды. Бул тууралуу маалыматты билим берүү министрлиги ырастады.

Бала курдаштары жана мугалимдери менен чырдашкан эмес.

«Мектепте жүрүм-турум жөнүндө класстык сааттар дайыма өткөрүлүп турат, социалдык педагог суициддин алдын алуу боюнча иштерди алып барган», — дейт  министрлик.

Облустук ички иштер министрлигинин Reporter.kg’ге  билдирүүсүндө, окуучунун апасы чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Ал айылда атасы менен жашап келген.

«Бала 20-февраль күнү өз үйүндө асынып алган абалда табылган. Суициддин себеби такталууда», — дейт милиция.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version