Ысык-Көл облусунун Сары-Булуң айылында чөп өрттөнүп, эки 6 жана 4 жаштагы кыз менен бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-сентябрда аталган айылдын Жаштык көчөсүндөгү турак үйдүн короосундагы чөп күйгөн. Өрттүн кесепетинен эки наристе чарчап калды.
«Жерине өрт өчүрүүгө бир бөлүм тартылып, саат 15:00дө өрт чектөөгө алынып, саат 17:45те толугу менен өчүрүлгөн. Жалпысынан 600 түк чөп күйгөн»,- деп айтылат маалыматта.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.