Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө айрым пансионаттарга кирүү үчүн акы алынып жатабы?

Ысык-Көл облусундагы айрым пансионаттар эс алуучулардан пирске кирүү үчүн акы алып жатканы тууралуу кайрылуулардан улам, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү расмий маалымат таратты.

Өкүлчүлүктүн билдирүүсүнө ылайык, учурда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын алдында атайын штаб түзүлгөн. Анын курамына укук коргоо органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка тиешелүү мекемелер кирет.

Бул штаб пансионаттарда жана эс алуу жайларында мыйзам бузууларды, анын ичинде жарандардан пирске же көл жээгине кирүү үчүн мыйзамсыз акы алуу учурларын текшерүүдө. Өзгөчө жарандардын көл жээгинде эркин жана тоскоолдуксуз жүрүү укуктарынын камсыздалышына көңүл бурулууда.

Өкүлчүлүк белгилегендей, мындай көрүнүштөр жалпы мүнөзгө ээ эмес жана бардык пансионаттарга тиешелүү эмес. Облус аймагындагы көпчүлүк пансионаттар мыйзам чегинде иштеп, эс алуучуларга ачык жана ыңгайлуу шарттарды сунуштап жатышат.

Exit mobile version