Ак-Суу районунун Боз-Учук айылында милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имаратынын ачылышы болду. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу ачылышка президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Канат Джумагазиев, Ак-Суу районунун акими Мунарбек Насиров, Ак-Суу РИИБдин жетекчилиги жана өздүк курамы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милициянын ардагерлери катышты.
Курулуш Ак-Суу райондук администрациясынын өнүктүрүү фондунун эсебинен жүргүзүлүп, жалпы 2 миллион сомго жакын каражат сарпталды.
Облус жетекчиси Илияз Иманбетов өз сөзүндө өлкөдө милициянын күнүмдүк ишмердүүлүгүн демократиялаштыруу, ишмердүүлүгүн жана материалдык – техникалык базасын жакшыртуу, коомчулук менен тыгыз байланышта иштөө боюнча өлкө жетекчилиги тарабынан максаттуу иштердин баштаганын белгиледи.
Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Канат Джумагазиев буга чейин айылдык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери Боз-Учук айылындагы ар кандай административдик имараттарда калып, иштөөгө аргасыз болуп келгендигин белгиледи.
Эми жаңы имаратта милиция кызматкерлери жарандардын кайрылууларына жана даттанууларына өз убагында чара көрүүгө, 6 айыл өкмөттүн элине кызмат көрсөтүүгө, ошондой эле кылмыштуулуктун бетин ачууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
«Жаңы милиция бөлүмчөсүндө сапаттуу иштөө үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бул жарандарды кабыл алуу үчүн заманбап бөлмөлөр, участкалык милиция кызматкерлери менен балдар иштери боюнча инспекторлордун иш бөлмөлөрү, ошондой эле коомдук алдын алуу борборунун өзүнчө кабинети бар», — деди ал.
Ачылыш аземден кийин катышуучулар айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты боюнча кыскача экскурсия уюштурулду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз