Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө акча, мүлк опузалаган шектүүнүн кармалган видеосу

Ысык-Көлдө жергиликтүү тургундан акча талап кылууга шектелген адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын февраль айынын аягында Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгына жергиликтүү тургун кылмыш чөйрөсүндөгү адамдар тарабынан опузалап талап кылуу фактысы боюнча айтып, аларга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Өткөн жылдын күз айларында курамына мурда соттолгон жарандар кирген топ айыл тургунунун сарайына коркутуу менен келип кетишкен. Алынган маалыматка караганда, жогорудагы шектүү жарандар акча жана мүлк талап кылып, алардын бири бычак менен коркуткан. Кылмышкерлер айыл тургунуна физикалык күч көрсөтөм деп коркутуп, опузалап атын тартып алышкан. Алар  малды унаага жүктөп, өздөрү менен алып кетип калышкан.

Айылдын жашоочусунун негизги булагы мал болгондуктан, опузалаган адамдар өздөрүнүн аракеттери менен ага ири өлчөмдө зыян келтиришкен.

Бул факты боюнча  Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап  талап кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам-иликтөө иш-чаралары ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн  кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн.

Бир күн мурда Ысык-Көл облусунун аймагында көрүлгөн ыкчам чаралардын натыйжасында опузалап талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишине шектелгендердин бири кармалды.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча кармалган жаран 1987-жылы туулган О.А. мурда бир нече  жолу соттолгон. Тактап айтканда,  ал каракчылык, бейбаштык, ден-соолукка оор залал келтирүү  фактылары боюнча соттолгон.

Андан сыркары, аталган жаран мурда жасаган мыйзамсыз жоосундары үчүн соттолгон деп эсептелип, пробация органдарында жазасын өтөп жатканы белгилүү болду.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Жогорудагы кылмыштын калган шериктерин кармоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version