Site icon Reporter.kg

Ысык-Көл: Арыктагы сууга саркынды сууну агызган ишкана аныкталды

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундардын билдирүүсү боюнча саркынды суунун агынды сууга куйган фактысын аныкташты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-март күнү социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын четиндеги ишканадан чыккан саркынды суулар агын сууга куюлуп жаткандыгы тууралуу маалымат тараган.

«Бул маалымат боюнча Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жерине барып, арыктын четинде орун алган темир түтүктөн саркынды суулар арыкка агып жатканын аныкташкан. Ал эми, саркынды суулар агып жаткан жерде жагымсыз жыт орун алганын жана саркындуу суунун өңү бозомтук экени да такталды.

Аталган факт каттоого алынып, топтолгон материалдар экологияга келтирилген зыянды аныктоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет. Корутундунун жыйынтыгы боюнча райондук милициянын тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берилмекчи», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүү иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version