Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө балык уулоого уруксат берилди. Шарттары

Ысык-Көл облусунда Ысык-Көл чебагы балыгынын тукум улоо (нерест) сезону расмий түрдө аяктады.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Балык чарба комплекси департаменти 2025-жылдын 15-майынан баштап Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого расмий түрдө уруксат берилерин маалымдайт.

Балык уулоого ниеттенген жарандар үчүн электрондук балык уулоо билеттерин алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Аларды төмөнкү жолдор менен алууга болот:

https://share.google/fJ6tPeN7athAZ78Sq

Министрлик жарандарды табиятты аярлап пайдаланууга жана балык уулоодо белгиленген мыйзамдык талаптарды так сактоого чакырат. Эрежелерди бузуу мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version