Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы эң чоң тоо-лыжа курорту курулат

Кыргызстанда туризмдин өнүгүшүнө түрткү болчу ири долбоор башталды. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы тарабынан Борбор Азиядагы эң чоң тоо-лыжа кластерин куруу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн брифингде белгилүү болду.

Долбоордун алкагында 3916 гектар жер “Ала-Тоо Резорт” ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берилди. Курулуш иштеринин биринчи этабында 1624 гектарды камтыган «Жыргалаң» аймагы өзгөчө көңүл борборунда болот. Бул аймакта ондогон мейманканалар, асма жолдор, лыжа трассалары жана башка инфратүзүмдөр салынмакчы.

Жаңы кластер «Жыргалаң», «Ак-Булак» жана «Боз-Учук» аймактарындагы эс алуу жайларын бириктирет. Тоо лыжа трассаларынын жалпы узундугу 250 чакырымдан ашат, бул Кыргызстандын азыркы курортторунан кыйла жогору деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөрдү берет.

Адистердин айтымында, долбоорду түзүүгө Европадан адистер тартылган. Алар Кыргызстандын көптөгөн тоо аймактарын изилдеп, эң ыңгайлуу аймак катары ушул райондорду тандап алышкан. Экологиялык стандарттар да эске алынып, курорт жаратылышка минималдуу зыян келтире тургандай ишке ашырылат.

Белгиленгендей, учурда жолдорду салуу, электр жана суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат. 49 жер тилкеси инвесторлорго сунушталып, 15-июлда ачык аукцион өткөрүлөт. Кыргызстандын жарандары үчүн менчикке алуу мүмкүнчүлүгү, чет элдик инвесторлор үчүн 49 жылдык ижара каралган.

Мейманканалардын сырткы көрүнүшү этношаар архитектурасына ылайык болууга тийиш, ал эми ички жасалгасын инвестор өзү аныктайт. Бул да инвестиция тартууга стимул бермекчи.

Комплекс ишке киргенден кийин:

• Жылына 2 миллионго чейин турист кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт;

• 4,5 миңден ашык жумушчу орду түзүлөт;

• Жергиликтүү тургундар өз өндүрүмдөрүн курортко сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат;

• Мамлекеттик бюджетке жылына 150 млн еврого чейин киреше түшөрү күтүлүүдө.

“Ала-Тоо Резорт” ишканасынын директору Жаркынбек Максутов белгилегендей, бул — Кыргызстандын туризм тарыхындагы эң чоң долбоор. Президент Садыр Жапаровдун түздөн-түз демилгеси менен ишке ашып жаткан бул курорт региондук жана улуттук экономикага олуттуу салым кошот. Анын ишке ашышы менен Кыргызстан эл аралык деңгээлдеги тоо-лыжа багытында атаандаштыкка жөндөмдүү мамлекетке айланышы мүмкүн.

Маалымат үчүн: Инвестор болууга кызыккандар Маммүлк агенттигинин расмий сайтына кирип, аукционго катышуу тартиби менен таанышса болот.

Exit mobile version