Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө чагылган тийип 60 кой өлдү (видео)

Ысык-Көлдүн Тоң районунда чагылган тийип 60 кой өлдү. Бул тууралуу Reporter.kg’ге президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Окуя 15-августта Коңур-Өлөң айылынын жогору жагындагы Кичи-Аңги жайлоосунда болгон.

Облустагы өкүлчүлүк билдиргендей, жайлоого унаа бара албагандыктан, өлгөн койлор айылга ат менен түшүрүлүп, андан кийин атайын жайга көмүлөт.

Ысык-Көлдө 250 кой чагылган тийип өлдү (сүрөт)

 

Exit mobile version