Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 3 бала табылды

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан 3 кичинекей бала табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-агустта Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын кичинекей тургундары үйдөн ойноп чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Алар — 4 жаштагы А.Б., 5 жаштагы Ш.А. жана 7 жаштагы Ш.А. аттуу жаш балдарды издөө издөө иштерине Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, түн кирип кеткендигине байланыштуу издөө иш-чаралары убактылуу токтотулган.

Бүгүн кайрадан издөө иштерин улантуу максатында Каракол шаардык №15 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган айылдын Ишеналы көчөсүндөгү үйлөрдүн короосунан балдар аман-эсен табылган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version