Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө дайынсыз болуп жаткан блогер Бекболот Турдушев изделүүдө

Ысык-Көлдө 25-сентябрдан бери дайынсыз болуп жаткан 11 жаштагы блогер Бекболот Турдушев табыла элек. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда милицияга Бекболот Турдушевдин атасы кайрылып, уулун издөөгө жардамдашууну суранган. Ал Каракол шаарына чогуу келишкенин, андан кийин 25-сентябрда болжол менен саат 15:00до уулу шаардагы досторуна жолугууга кетип, дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Облустук милиция Бекболот Турдушевди издөө иштери уланып жатканын, жакынкы араларда табылып каларын билдирди.

Эскерте кетсек, Бекболот Турдушев 2021-жылы белгилүү болгон. Ал президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, өзүнүн Балбай айылына мектеп жана бала бакча куруп берүүнү суранган. Кийинчерээк ал президент менен жолугушкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version