Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө дайынсыз жоголгон эки россиялык жаран изделүүдө

Ысык-Кол облусунун Арал капчыгайында россиялык эки жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кечээ, 15-октябрда Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Россиянын 2 жараны дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 4 куткаруучу тартылып, бирок эс алуучуларды табышкан эмес.

Бүгүн издөө иштери кайра жанданып, 3 куткаруучу тартылган.

Издөө иштеринин жыйынтыгы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version