Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө дары чөптөрдү кургатуучу цехтин курулушу башталды

Ак-Суу районунун Маман айылында дары чөптөрдү кургатуучу цех курулууда. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишкана Корея эл аралык кызматташтык агенттигинин жардамы менен салынууда.

Курулуш иштери ушул жылдын октябрында аяктайт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version