Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлгө эки адам чөгүп кетти

Жети-Өгүз районунда сууга чөгүп кеткен эки адам табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кой-Сары тилкесинде 2 эркек бала — 2007-жылы туулган Т.А. жана 2004-жылы туулган Н.И. көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, саат 19:20да каза болгондордун сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version