Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө ишмердүүлүгү токтотулган 12 пансионаттын тизмеси

Ысык-Көлдө экологиялык талаптарга жооп бербеген пансионаттардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынды. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечим Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо үчүн тез арада кийлигишүү зарылдыгынан улам келип чыккан.

Ысык-Көлдө бир катар пансионаттар экологиялык нормаларды сактабагандыктан көлдү булгануу коркунучунда турат. Мониторингдин жүрүшүндө көлдүн экосистемасына түздөн-түз коркунуч келтирген олуттуу мыйзам бузуулар аныкталган.

Ишмердүүлүгү токтотулган пансионаттардын тизмеси:

— «Дальний Кардон» пансионаты – Семёновка айылы;

— «Смена» пансионаты – Корумду айылы;

— «Белек» пансионаты – Бостери айылы;

— «Алтын кум» пансионаты – Бостери айылы;

— «Взморье» пансионаты – Бостери айылы;

— «Асыл-Таш» пансионаты – Бостери айылы;

— «Ой-Керемет» пансионаты – Кош-Көл айылы;

— «Золотой-Требас» пансионаты – Кош-Көл айылы;

— «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борбору — Тору-Айгыр айылы;

— «Кооператор» пансионаты – Чок-Тал айылы;

— «Чолпон-Ата» эс алуу үйү – Чолпон-Ата шаары;

— «А.Чалжанов» конок үйү — Бактуу-Дөлөнөтү айылы.

Жергиликтүү бийлик тыюунун сакталышын катуу көзөмөлгө алып, экологиялык абалга, анын ичинде Каракол, Балыкчы, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң шаарларында жана Түп райондорунда мониторинг жүргүзүүнү улантат. Нормаларды бузган пансионаттар аныкталган бузууларды жоюу жана өз ишин мыйзамга ылайык келтирүү боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version