Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылды — видео

Ысык-Көлдө канаттары жараланган ак куу табылып, куткарылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 6-сентябрда Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери экология өкүлдөрү менен биргеликте көлдү браконьерлердин торлорунан тазалоо иштерин жүргүзүүдө, Ысык-Көл районуна караштуу Кызыл-Өрүк айылынын көл ортосунда канаттары жараланган ак куу табылган.

“Кызматкерлер ак кууну тез арада жээкке алып чыгып, Чүй облусунда жайгашкан «Бугу эне» жапайы жаныбарларын реабилитациалоо борборуна кайрылып, адистерге канаттууну ийгиликтүү өткөрүп беришкен”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version