Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө кесипкөй уурулар кармалды — сүрөт

Ысык-Көл облусунда алдамчылыкка шектүү делип үч адам кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 20-август күнү Балыкчы ШИИБге арыз менен Балыкчы шаарынын Т.К. аттуу тургуну кайрылган. Ал арызында 2-июль күнү Тилек аттуу жаран эки шериги менен ишеничине кирип, анын жылкысын сатып-алмаштырып кайра беребиз деп алдап кеткенин билдирген. Жабырлануучуга 80 000 сом материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт каттоого алынып, Кылмыш-жазык кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Нарын облусуна караштуу Кара-Суу айылынын 1975-жылы туулган тургуну К.Т. аттуу жаран  Тоң районунун сырт аймагынан, жазадан жашырынып жүргөн жеринен Балыкчы ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан кармалган.

Тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү К.Тнын аталган кылмышка тиешеси бар шериктери кармалган. Алар Балыкчы шаарынын 1991-жылы туулган А.Т., 1991-жылы туулган К.Ө. жана 1976-жылы туулган Э. у К. болгон.  Андан аркы тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө, милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармалышкан жарандар Балыкчы шаарында дагы ушул сыяктуу 3 факт,  малды алдамчылык жолу менен ээлеп алуу  боюнча  кылмышка тиешеси бар экендигин  аныкташкан.

Учурда шаардык соттун чечиминин негизинде шектүүлөргө эки айга үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынган.

Тергөө кызматы, кылмышка шектүүлөрдүн, башка ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экенин жокко чыгарбайт жана бул адамдардын алдамчылык аракеттеринен жабыркаган жарандарды, 0701067101, 0394432705 номурлары аркылуу байланышууну өтүнөт.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version