Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды

Иссык-Куль

Ысык-Көлдө 11-апрель күнү саат 23:08де очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Жети-Өгүз айылында 3,5 балл, Чоң-Кызыл-Суу айылында 3 балл, Ак-Суу районунун Подгорный, Теплоключенка айылдарында жана Каракол шаарында 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version