Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө лыжа базасын куруу үчүн «Кыргыз Куршевелге» 1624 га жер берилет

Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында «Үч чоку» тоо-лыжа комплексин куруу үчүн «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасына 1624,26 гектар жер мөөнөтсүз пайдаланууга берилет. Өкмөттүн тиешелүү токтому 2-августта чыккан.

Аталган жер трансформацияланып, андан кийин ишканага берилет. Учурда 1624,26 гектар жердин 294,6 гектары жайыт болсо, 1329,66 гектары Токой фондунун жери болуп саналат.

Өкмөттүн токтому расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Exit mobile version