Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө мас айдоочу кармалды (видео)

Ысык-Көлдө унааны мас абалда башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.

Маалым болгондой, Volkswagen Passat унаасынын айдоочусу жол инспекторлоруна көмөктөшүп жаткан ЖКККББнын ардагерлери тарабынан токтотулган. Айдоочу мас экени билингендей кийин ардагерлер кошумча кызматкерлерди чакырган.

Наркология бөлүмүндө айдоочу мас абалында экендиги тастыкталып, унаасы айып короого коюлган. Эми аталган жаран соттун чечими менен бир жылга унаа айдоо укугунан ажыратылат.

Белгилей кетсек, ЖКККББнын ардагерлери Ысык-Көлгө жол тескөөчүлөрүнө жардам берип, айдоочулар арасында алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн барган.

Exit mobile version