Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө мектеп курулушунда 12 млн сомдон ашык акча уурдалып, эки адам кармалды

Ысык-Көл облусунда мектеп курулушуна бөлүнгөн бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдаланууга байланыштуу дагы бир коррупциялык иш ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы Ак-Суу районунун Советское айылында 150 орундуу спорт залы менен мектеп куруу боюнча тендер жарыяланган. Жалпы сметалык баасы 59 миллион сомду түзгөн долбоорду жеңип алган компания менен келишим түзүлүп, объект 2023-жылдын ноябрына чейин пайдаланууга берилүүгө тийиш болчу.

Бирок бүгүнкү күнгө чейин курулуш бүтө элек. Компанияга 48 млн сом которулган, анын ичинен 35,2 млн сом гана ишке пайдаланылганы аныкталган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, ошол учурдагы Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси У.С. курулуш компаниясынын башчысы Х.А. менен жең ичинен сүйлөшүп, 12,8 млн сомдон ашык каражатты мыйзамсыз негизде подрядчынын пайдасына которуп берген.

Учурда эки фигурант тең тергөө абагына киргизилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, иш тергелүүдө.

Exit mobile version