Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө милиционер сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды

Ысык-Көлдө милиция кызматкери сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү куткарып калды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Окуя 21-июнда болгон. 14 жаштагы өспүрүм Каракол шаардык пляжында сууга түшүп жатып, бир убакта чөгө баштаган. Ошол учурда пляж жакта кайгуулда жүргөн улук лейтенант Ринат Токоев чөгүп жаткан баланы көрүп калып, дароо жардамга чуркаган. Ал баланын жанына сүзүп барып, аны суудан алып чыгып, куткарып калган. Баланын абалы жакшы.

Улук лейтенант Ринат Токоев ички иштер органдарында 12 жылдан ашык иштеп, 2019-жылдан бери туристтик-экологиялык милицияда кызмат өтөп келет.

Облустук милиция жарандарга жардам берүүгө, коргоп калууга даяр болгон Ринат Токоев өңдүү кызматкерлери менен сыймыктанарын белгилейт.

Аны менен бирге сууга түшүп эс алган жарандарга коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат.

Exit mobile version