Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө миңге жакын студент окуудан чыгарылды

Ысык-Көл облусунун аймагындагы үч жогорку окуу жайынан 941 студент окуудан чыгарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн комиссиялык текшерүүдө жогорку окуу жайлардын жана атайын окуу жайлардын талаптарына баш ийбеген студенттер аныкталган.

УКМК жер-жерлерде билим берүү системасындагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү жана анын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантарын маалымдады.

Exit mobile version