Ысык-Көл районунун Сары-Ой айылында жайгашкан мурдагы “Геолог” пансионаты жана “Орленок” балдар ден-соолукту чыңдоо лагери 12 гектар 81 сотых жер тилкеси менен мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облусунун прокуратурасы аталган обьекттер мыйзамсыз жеке жактарга менчиктештирилип кеткендигин аныктаган.
Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында базар баасы 638 млн сомду түзгөн жогоруда белгиленген социалдык объекттер жер тилкелери менен биргеликте мамлекетке кайтарылган.