Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө парашют менен аттракционго илинип калгандар куткарылды

Ысык-Көл районунун Бостери айылында 14-июлдагы пансионаттардын бириндеги аттракционго (Колесо обозрения) илинип калган эки адам куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, 2 эркек адамдын бири — 2009-жылы туулган Ж.А. аттуу өспүрүм бала жана дагы бир адам (аты-жөнү такталууда) парашют менен илинип калгандыгы маалымдалган.

Жерине Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамдарды жергиликтүү тургундар менен биргеликте аман-эсен түшүрүшкөн.

Аталган жарандардын ден-соолугуна зыян алып келген эмес, абалдары туруктуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

 

 

Exit mobile version