Жети-Өгүз районунун Боз-Бешик айылындагы «Марко-Поло» эс алуу жайындагы пирстин үстүнө курулган мончолор ээси тарабынан буздурулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, буздуруу иштери «Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө» мыйзамга ылайык жана Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде ишке ашырылды.
Буга чейин Ысык-Көл региондук архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ыйтыярдуу түрдө демонтаж иштерин жүргүзүү боюнча эскертме берилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз