Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө реалдуу акчалай киреше 29,8%га өстү

Ысык-Көл облусунун тургундары ушул жылдын биринчи кварталында реалдуу акчалай кирешеси 11 миллиард 675,1 миллион сомду түздү. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитети билдирди.

Маалыматка караганда, өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу кирешелер 8 млрд 210,5 млн сомду түзүп, 29,8%га өскөн.

Керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын реалдуу акчалай кирешеси 133,5 млрд сомду түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүш 5,2% болду.

Калктын акчалай кирешелеринин негизги булактары эмгек ишмердигинен алынган кирешелер болгон. Алардын үлүшү 67,8%ды түздү.

Ошол эле учурда Нарын облусунда жана Ош шаарында алардын тиешелүүлүгүнө жараша 8,6% жана 4,2%га төмөндөшү белгиленген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version