Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө тазалоочу жайлары жок пансионаттарга тыюу салынат

2025-жылдын биринчи кварталында Ысык-Көл облусунда 1198 туристтик объект – конок үйлөр, пансионаттар, санаторийлер жана боз үй шаарчалары катталган. Бирок алардын ичинен болгону 180инде гана тазалоочу жай бар, 822синде таптакыр жок. Дагы 196 объект борбордук канализацияга туташкан.

Жаратылыш жана экология министрлигинин маалыматына ылайык, Президенттин №131 Жарлыгына ылайык, тазалоочу жайы жок туристтик жайлар иштей албайт.

Азыр объекттерди текшерүү жана эсепке алуу иштери жүрүп жатат, 1-июнга чейин аякташы күтүлүүдө.

«Биз экологияны коргоо максатында катуу чараларды көрүүдөбүз. Эрежелерге жооп бербеген жайлар жабылат», — деди министрликтин өкүлү.

Белгилүү болгондой, учурда тазалоочу жайларды орнотуп берүүчү бир нече жергиликтүү жана чет элдик компаниялар иштеп жатат. Мисалы, беш кишиге ылайыкталган биологиялык тазалоочу жергиликтүү система орточо 210 миң сом турат.

Exit mobile version