26-июнда Ысык-Көлдө Финансылык чалгындоо кызматынын II Эл аралык форумунун алкагында ТМУнун Финансылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин биринчи жолугушуусу болуп өттү. Иш-чарада форумду ТМУнун алкагында туруктуу кызматташуу механизмине айландыруу боюнча өз убагында чечим кабыл алынганы белгиленди.
Жыйындын жүрүшүндө виртуалдык активдер менен байланышкан тобокелдиктерди баалоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштыруу жана терроризмди каржылоо үчүн санариптик активдерди колдонууга каршы күрөшүү боюнча улуттук тажрыйба боюнча баяндамалар берилди. Финансылык чалгындоо тармагында кызматташууну чыңдоого катышуучулардын милдеттенмелери жөнүндө биргелешкен коммюникеге кол коюу негизги жыйынтык болду.
Документте маалымат алмашуу, биргелешкен окуу программаларын иштеп чыгуу жана ТМУга мүчө-мамлекеттеринин ортосунда илимий изилдөөлөргө көмөктөшүү каралган.