Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө тургундун үйүнөн кызыл китепке кирген куш табылды — сүрөт

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундан кызыл китепке кирген кара кушту табышкан. Бул тууралуу аталган облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл областук ички иштер башкармалыгынын туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлерине маалымат түшүп, анда Түп районунун тургуну кызыл китепке кирген кара кушту үйүндө мыйзамсыз сактап жүргөндүгү белгиленген.

Аталган маалыматты текшерүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан маалыматта айтылып жаткан жарандын өздүгүн аныктоого жетише алышты. Ал Сары-Булуң айылынын 61 жаштагы тургуну болуп чыгып, анын көл жээгинин жанында жайгашкан кашарынан жарым жетилген жырткыч куш табылган. Адистердин алдын ала маалыматы боюнча табылган канаттуу, Кыргызстандын кызыл китебине кирген кара куш болуп эсептелинет.

Аталган факт Түп райондук милициянын маалымат электрондук журналына катталып, тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Алынган кара куш Каракол шаарындагы зоопаркына өткөрүлүп берилди.

Exit mobile version