Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдөгү «Ала-Тоо Резорт» комплексинде асма жолдун курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы «Ала-Тоо Резорт» комплексинде заманбап асма аркан жолдун курулушу башталды. Учурда асма жолго керектүү жабдыктар жана шаймандар жеткирилди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган курорттко асма аркан жол куруу боюнча австриялык ишкана менен келишим түзүлгөн. Бул ишкана асма жол салуу жана долбоорлоо жаатында дүйнө лидери болуп эсептелинет.

«Ушул тапта чет элдик инженерлер асма аркан жол салына турган аймактарга техникалык жолдорду куруп жатышат. Ага утурлай эле курулушка керектүү арматурадан жасалчу кесиндилер жасалууда. Эми жаңы алынып келинген жабдыктар менен тирөөчтөрдүн пайдубалын түптөө иштери башталат»,- деп айтылат маалыматта.

Курула турган жолдун жалпы узундугу 4 км түзүп, 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү 1 км 730 метрди, ал эми экинчи бөлүгү 2 км 250 метрди түзөт.

Exit mobile version