Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө милиция алгачкы чет элдик туристтерди кабыл алды

Ысык-Көлдө туристтик милициянын кызматкерлери алгачкы чет элдик туристтерди кабыл алууда, деп билдирет ОИИБдин басма сөз кызматы.

ОИИБдин башчысынын орун басары Акылбек Бекишевдин айтымында, учурда облустун аймагына биринчи чет элдик туристтер келе башташты. Негизинен алар тоо туризмине басым кылгандыктан, аталган кызмат алардын коопсуздугун камсыз кылууда, бардык жардамдарын көрсөтмөкчү.

Андан тышкары, тоолу туристтик багыттарда туристтик-экологиялык милициянын убактылуу таяныч пунктары уюштурулмакчы. Тоолуу аймактарда болсо, атайын иштелип чыккан маршруттар боюнча туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери кызматтык жол тандабас автоунаалары менен күзөт иштерин жүргүзүп турмакчы. Туристтик милиция кызматкерлерине коюлган негизги талаптар, бул туристтердин милицияга болгон ишеним деңгээлин жогорулатуу болуп эсептелинет.

Exit mobile version