Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө «Узун» каймана аты бар кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Ысык-Көл облусунда баңгизат менен алектенген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды, деп билдирди ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине, Ысык-Көл районунун аймагында «Узун» аттуу лакап аты бар, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү өзүнүн белгисиз шериктери менен баңгизаттарын даярдап, мыйзамсыз сактап, сатуу жолу менен пайда көрүүнү көздөп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Аталган факт боюнча Ысык-Көл РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголгон.

2024-жылдын 13-декабрында милиция кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Чолпон-Ата шаарынын 1978-жылы туулган Т.Э. аттуу тургуну кармалып, анын турак жайын тинтүү учурунда салмагы 1 кг. 250 гр. түзгөн баңгизаты табылган.

Кылмышка шектүү Т.Э. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ага Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш курамынын белгилери менен айыбы угузулган. Кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version