Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө үч жаран ашпозчуну бычак менен коркутуп, сабап салган

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери кафенин ашпозчусун сабаган шектүүлөрдү изин суутпай кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Көл райондук милициясына Бишкек шаарынын 36 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында 13-августка караган түнү болжол менен саат 03:30да белгисиз үч жаран бычак менен коркутуп, Чок-Тал айылындагы «Солнышко» пансионатындагы «Медуза» кафесинин ашпозчусун сабаганын билдирген. Жабыркаган Чүй облусунун 20 жаштагы тургуну алган жаракатынан улам райондук ооруканага жаткырылган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Ээнбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Чок-Тал айылынын 21 жаштагы А.Н., 24 жаштагы Ш.А. жана Нарын облусунун 22 жаштагы тургуну А.А. кармалган.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Тергөө амалдары уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version