Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жейрендерди көбөйтүү долбоору иш ашууда. Өлкө башчы долбоор менен таанышты

Бүгүн, 2-майда Садыр Жапаров Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарында аталган аймактагы жейрендин популяциясын жана таралган аймагын калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

«Жейрен-Ордо» долбоорун «Аргали», «Илбирс» коомдук фонддору жана «Гулистан» дыйкан чарбасы демилгелеп, уюштурушкан. Анын максаты — браконьерликтин жана жаратылыш аймактарынын өзгөрүшүнөн улам тукум курут болуу алдында калган же таптакыр жок болуп кеткен жейрендерди Кыргызстандын жапайы жаратылышына кайтаруу. Бүгүнкү күндө анын саны жана таралышы кескин азайып, калктын жардамысыз табигый калыбына келтирүү мүмкүн болбой калган.

Учурда долбоордун алкагында 43 баш жейрен багылып жатат. Жыл аягына чейин алардын санын 60ка жеткирүү пландалган. Быйылкы жылы 25 баш: биринчи 12 эркек, ал эми адаптациялангандан кийин 13 ургаачы жейрен улактары менен биринчи жолу чыгарылары айтылды.

«Келечекте долбоордун уюштуруучулары жыл сайын 15–20 баштан чыгарууну пландаштырууда. Браконьерликке каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүлсө, долбоор 10 жылдын ичинде аймактагы жейрендердин санын 500гө чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берет»,- деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жейрендин популяциясын калыбына келтирүү демилгесин биргелешип колдоого чакырган. Ал бул жаныбарлар дээрлик 100 жылдан кийин Ысык-Көлдүн жээгине кайтарылып жатканын айтып, аларды эт же олжо катары атууну токтотууга чакырган.

 

Exit mobile version