Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 4-апрель күнү саат 12:50 чамасында Ак-Суу районунун Сары-Камыш айылынан Шакирт-Ата көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн коросунда «Гольф-2» үлгүсүндөгү унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Жерине Ак-Суу райондук №39 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 13:03 чектөөгө алып, 13:13 толук өчүрүлгөн.
Өрттөн жеңил унаа толук күйүп кеткен.
Жабыркагандар жок.
Өрттүн келип чыгуу себеби электр зымдардын кыска чыңалуусунан чыккан.