Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жер силкинди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 12:31де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон.

Жер титирөө Тоң районунун Дөн-Талаа, Булан-Сөгөттү, Ала-Баш айылдарында 3 баллга чейин, Көк-Сай, Кызыл-Туу айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигин басма-сөз кызматы билдирди.

Exit mobile version