Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жер титиреди

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 26-майда саат 21:50дө Ысык-Көл облусунун аймагында жер силкинди.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда,  очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн радиусу Ысык-Көл районунун айылдарын жана шаарын камтыган.

Алсак, Ысык-Көл районунун Көк-Дөбө айылында 4 балл, Ананьево, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 балл, Чолпон-Ата шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

 

Exit mobile version