Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

Бүгүн, 28-августта саат 15:37де Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, жер титирөө Ак-Суу районунун Таш-Короо, Эңилчек, Кургач айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version