Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жер титирөө катталды

31-майга караган түнү 00:08 саат чамасында Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу Сейсмология иститутунан билдиришти.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Кургак айылында 3,5 баллга, Таш-Короо айылында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Exit mobile version