Ысык-Көл облусунда жоголгон 22 жаштагы кытайлык жаран 1 айдан бери изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой С. Т. аттуу кытайлык жаран 24-июлда Ала-Көл жайлоосунун «Сирота» аттуу жерине чыгып кеткенден бери дайынсыз. Кытайлык жарандын жоголгону тууралуу маалымат алгач милицияга түшкөн. Ал эми 18-августта милиция бул окуя тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдөгү башкармалыгына кабарлаган. Аны издөөгө министрликтен 5 куткаруучу тартылган.
Белгилей кетсек жоголуп кеткен 22 жаштагы кытай жараны Бишкек шаарындагы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда