Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жол курган кытайлык компанияга айып салынды

Ысык-Көл облусунун аймагында жол куруу иштерин жүргүзгөн кытайлык компанияга айып салынды. Бул тууралуу ЖКККББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 104-чакырымынан тартып, 184-чакырымына чейинки реабилитациялык жол тилкесин жеринен кароо, текшерүү иштеринин жыйынтыгында аныкталган кемчиликтери үчүн “CHINA ROAD” жол куруу ишканасына Укук бузуу Кодексинин 434-беренесинин негизинде буга чейинки айтылган эскертүү жана буйруктарды аткарбагандыгы үчүн 13 миң сомго айып салышып, эскертүү барактарын беришти.

ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жол кырсыктарынын алдын алуу максатында Ысык-Көл облусунун баардык коопту жол тилкелерин, жолдорду оңдоо түзөө иштерин жана тийиштүү жол белгилеринин, жол чийиндеринин талаптарга жооп берээрин жеринен кароо, текшерүү жана көзөмөлдөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version