Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жол кырсыктан 2 киши каза болуп, 23 адам жабыркады

Бүгүн, 3-августта саат 07:40та Ысык-Көлдө жол кырсыктан эки киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы Балыкчы—Ананьево—Каракол унаа жолунун 24-чакырымында болгон. Анда Mercedes-Benz Sprinter жана Mitsubishi унаалары кагылышкан.

Окуя жерине куткаруучулар барып, жабыркагандарга биринчи медициналык жардам көрсөткөн. Кырсыктын кесепетинен жалпы 23 адам жабыркап, 3 киши Балыкчы шаарынын ооруканасына жеткирилген.

Каза болгон адамдардын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version