Site icon Reporter.kg

Ысык-Көлдө жубайлар кыям өндүрүүчү цех ачышты

Ысык-Көл районунун Корумду айылында 2022-жылдын күз айларынан тарта биринчи сорттогу кыям, джем жана козу карындарды өндүрүүчү цех иштөөдө. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, облустун тургуну Кыял Саткангулова жолдошу менен Улуу Британиянын өкмөтүнүн Кыргызстандагы чакан жана орто бизнести колдоо боюнча PEAK Kyrgyzstan программасына катышкан. Программанын алкагында 7 тема боюнча интенсивдүү окуудан кийин үй-бүлө чакан ишкана ачкан.

Ачылгандан бери цех 8 тонна продукция өндүргөн. Алар Бишкекке, Ысык-Көлгө сатылып, Орусия жана Казакстанга экспорттолууда.

Мындан тышкары, Кыял Саткангулова жергиликтүү тургундарга мөмө-жемиштердин уруктарын жана көчөттөрүн берип, андан кийин кайра алардан мөмө-жемиштерди сатып алат.

«Бизнес ачуу үчүн биринчиден билим керек, андан кийин гана акча керек. PEAK программасынын аркасында мен бизнести баштоо жана башкаруу, каржылык пландоону үйрөндүм», — дейт Кыял Саткангулова.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version