Ысык-Көл облусундагы «Аврора» санаторийинин көл жээгине жакын курулган мыйзамсыз курулуштары буздурула баштады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрилги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Булан-Сөгөттү айылында жайгашкан санаторийдин көл жээгине 100 метр аралыкта турган жайкы кафе, соода түйүндөрү алына баштады.